Президент: “Июнь окуясы - тышкы күчтөрдүн аракети” деген пикирдемин. Аны уюштурууга кимдер кызыкдар экенин билгенбиз"

"Июнь окуясы - тышкы күчтөрдүн аракети" деген пикирдемин. Аны уюштурууга кимдер кызыкдар экенин билгенбиз",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 10-июнда 2010-жылдагы Июнь окуясында адамдарды сактоодо эрдик көрсөткөн жарандарды сыйлоо аземинде айтты. 

"Биздин душмандарыбыз көп улуттуу элди кагыштырууга биринчи жолу Бишкектеги Маевка айылында аракет жасашкан. Жыйынтыгында ал жерде 4 адам каза тапкан, бирок алардын ою ишке ашпай калган. Душмандарыбыз баарын алдын ала эсептеп чыгып, даярданышкан. Июнь айында ушактар, телефон чалуулар, СМСтер жана башка бардык ыкмалар колдонулган. Жарандар чагымчылдыкка алданып калышкан. Мага да телефон чалуулар болгон, бирок мен Ош облусу менен түз байланышта тургам. Мен Өзбекстандын президентиндей “Июнь окуясы – тышкы күчтөрдүн аракети” деген пикирдемин. Бул окуянын болушуна кимдер кызыкдар экенин билгенбиз. Убакыт өткөн сайын чындык ачык болот. Чындык ар дайым жеңет”,- деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан