Балыкчы-Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды

ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, сел суулары каптаган Балыкчы-Каракол унаа жолу бир тараптуу ачылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июль саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Буга байланыштуу жол каттамы убактылуу жабылган.
Жерине 3 жүктөгүч, 3 Хово жана 1 экскаватор тартылган. Учурда айланма жол калыбына келтирилип, бир тараптуу ачылды. Жеринде унаа жолду кеңейтүү иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан