Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен бала табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-июнь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Анда 16 жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Аны издөө үчүн куткаруучулар жана туугандары тартылышып, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да уланат.