Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында болгон катуу шамал 19 турак үйдүн чатырын учурду

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында болгон катуу шамал 19 турак үйдүн чатырын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, катуу шамал 9-июнь күнү саат 04:00 чамасында болгон. Анда айыл аймагында 19 турак үйдүн, 2 сарайдын, 1 гараждын чатыры жараксыз абалга келген. 

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин улантып жатат. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Шамалдын ылдамдыгы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан