Кара-Көл шаарында сууга агып кеткен 5 жаштагы бала дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5 жаштагы Б.Самидинов 6-июнь күнү саат 20:15 чамасында Кара-Суу дарыясына агып кеткен. 8-июнь күнү аны издөө үчүн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да уланат.