Бишкекте эл аралык трафикти уурдоо менен алектенген эки түрк жараны кармалды

Бишкекте эл аралык трафикти уурдоо менен алектенген эки түрк жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки түрк жараны "атайын жабдыктар аркылуу эл аралык трафикти уурдаган" деп айыпталууда. Алардын жашаган жерин текшерүү учурунда эки сим-бокс, 40 антенна, “Билайн” жана “Мегаком” уюлдук операторлоруна тиешелүү сим-карталар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген чыгым 25 миллион сомду түзгөн.

Учурда кармалгандардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bossmos7
2015-06-10 14:05:50
Камаш керек!
0
Odik11
2015-06-10 14:19:39
Башы иштеген адамдар экен
0
neizvesnyi
2015-06-10 14:54:50
Ана акча тапканы ушинтипле акча таап атат молодцы. Ото акылдуулук м.н иштегенин там бердим. Алар акча м.н любой жерден чыгып алатко деим. Бизде акча м.н адам олтуруп камалбай эле журушотко. Буга окшогону дагы толтура болуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан