Акыйкатчы институтунун дарегине 2014-жылы 13 652 жаран арыз жана даттануу менен кайрылган

Акыйкатчы институтунун дарегине 2014-жылы 13 652 жаран арыз жана даттануу менен кайрылган. Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев 10-июнда Жогорку Кеңеште аталган институттун 2014-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты. Жогорудагы көрсөткүчтүн ичинде 2411 арыз жазуу жүзүндө түшкөн. Жарандардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтсак, 60 пайызы укук коргоо органдары менен сот тармагынын иш-аракетине нааразы.

Акыйкатчынын билдиришинче, убактылуу камак жайларында жаткан адамдардын кайрылуулары басымдуулук кылууда. Мисалы, 2014-жылдын 2-кварталында 5681 даттануу түшүп, текшерүү жыйынтыгында аларда келтирилген фактылардын 90 пайызы туура экени аныкталган. Ошондой эле балдарга каршы жасалган зордук-зомбулук боюнча 100 кайрылуу келип түшсө, анын ону далилденип, кылмыш иштери козголду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан