Ушул жылдын күз айларында 10 жаш дипломаттын Таллинге тажрыйба алмашууга баруусу сүйлөшүлдү

Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Н.Айтмурзаев Эстониядагы дипломатиялык мектептин директорунун орун басары Вахур Маде менен жолугушту. Бул тууралуу 10-июнда ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар жолугушууда кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында ушул жылдын күз айларында 10 жаш дипломатты Таллинге жөнөтүүнү талкууга алышты. 
Өз кезегинде ректор Борбордук Азия, Ооганстан, Монголия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттарынын жайкы мектебине лектор катары катышууга макулдугун берген Вахур Мадеге ыраазычылык айтты. Ошондой эле дипломатиялык мекемелер биргелешип иштөө боюнча меморандумга кол коюшту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан