Коомчулукта Женго аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун иши боюнча сот отуруму 24-июнга жылдырылды

Коомчулукта Женго аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун иши боюнча сот отуруму 24-июнга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадырбек Досонов “Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген" деп шектелүүдө. Кечээ, 9-июнь күнү Кара-Суу райондук сотунда биринчи сот отуруму болду.

Айта кетсек, буга чейин "Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып, К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен. 

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 11-январында милиция кызматкери Т.Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан