"Кумтөр" кенинде жер астынан казуу жолу менен алтын табуунун 3 кемчилиги бар" дейт Дүйшөнбек Зилалиев

"Кумтөр" кенинде жер астынан казып алтын табуунун 3 кемчилиги бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, эгер "Кумтөрдө" жер астынан казуу ыкмасын гана колдонуу талабы коюлса, дагы 3-4 жыл керектелет. "Ошондой эле бул ыкма менен гана иш жүргүзүлсө, алтын 60 тоннага аз чыгарылат. Мындан тышкары өтө көп каражат сарпталат",- деп түшүндүрдү Зилалиев.

Айта кетсек, жыйында "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору талкууланууда. Ага ылайык, мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге уруксат берилмекчи.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы бул мыйзам долбоору "Центерра Голд Инк." компаниясынын кызыкчылыгы үчүн сунушталганын жарыялап, андан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан