Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Жылдызкан Жолдошованы фракцияны жетектөө кызматынан кайра кетирип жатышат. Тиешелүү билдирүүнү бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова жарыялады. Анын айтымында, фракциянын депутаттарынын көпчүлүгү депутат Дастан Жумабековду фракция лидеринин милдетин аткаруучу кызматына жактырышты. Ал эми фракция мүчөлөрү ушул жылдын март айында Ж.Жолдошованы лидерликтен кетирүү маселесин көтөрүшкөн эле.