Жети-Өгүз районунда өспүрүмдүн асынып алганы боюнча кылмыш иши козголду

Жети-Өгүз районунда өспүрүмдүн асынып алганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райондук прокуратурасына жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери С.Дга жана С.Сыдыков атындагы орто мектептин жетекчилигине чара көрүүнү суранган. Анткени өспүрүм мектепте мазактоого кабылып, мындан улам 7-май күнү өз үйүндө асынып алган.

Учурда “өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” жана “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан