Ош. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жыл санап өсүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жылдан-жылга өсүүдө.  

Бүгүн, 10-июнда аталган башкармалыктан кабарлашкандай, 2013-2014-окуу жылында жетишпеген мугалимдердин саны 125 болсо, 2014-2015-окуу жылында бул көрсөткүч 178ге жетти. Мунун себеби орус тилдүү мектептерде окуучунун саны көбөйүп, кошумча класстар ачылгандыгы жана жогорку окуу жайларында орус тилдүү мугалимдер даярдалбай жаткандыгында. Бул маселени чечүү үчүн башкармалык тарабынан калаадагы ЖОЖдорго кайрылуулар жолдонуп турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан