Вице-спикер депутаттарга: "12 миллион доллар үчүн кыргыз экенибизди унутуп калбайлы"

Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында "Кумтөр" кенине байланыштуу "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда.

Жыйында вице-спикер Чолпон Султанбекова "Кумтөр" маселеси боюнча билдирүү жасады. "20 жылдан бери бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп келүүдө. Канчалаган жигиттердин "Кумтөрдүн" айынан баштары кесилди. Өлкөбүз 20-30 жылга артка кайтты. Депутаттар "Кумтөр" жабылсын!" деп, өкмөткө келгенде "Кумтөр" иштесин" дешүүдө. Саясатты таштайлы, 12 миллион доллар үчүн кыргыз экенибизди унутуп калбайлы",- деди Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан