Оштогу бир катар мектептерде башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өткөн аталган башкармалыктын коллегиясында маалым болду. 

Маалыматта белгилүү болгондой, акыркы убактарда баласын орус тилдүү мектепте окутууну каалаган ата-энелердин саны өсүп, класстардын саны көбөйүүдө. Мугалимдер 2 нөөмөт менен иштеп, бир мугалим 2 классты окутканга аргасыз болуп жатат. 2014-2015-окуу жылына карата 64 башталгыч класстын, математика предметинен 15, физикадан 9, орус тилинен 15, информатикадан 7, биологиядан 8, тарыхтан 9 жана дене тарбия сабагынан 13 мугалим жетишпейт.

Учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 8 мектеп, кыргыз тилинде - 13, кыргыз-орус тилинде - 11, өзбек-орус тилинде - 20 жана окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн 2 мектеп бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан