Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2009-жылы Кашкар шаарынан Ош облусундагы “Кара-Суу” базарына келе жаткан автобустагы ишкерлерге кол салуу болуп, көп суммадагы акча каракталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 2015-жылдын 9-июнь күнү 1982-жылы туулган А.Медер кармалган. Ал мурда да бир канча беренелер боюнча соттолуп, издөөдө жүргөн.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан