Бишкекте бөтөлкөлөшүн балка менен башка чаап өлтүргөн жаран кармалды

Бишкекте бөтөлкөлөшүн балка менен башка чаап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү болгон. Анда каза тапкан жаран таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, кийин уруша кетишкен. Мындан улам жанындагы бөтөлкөлөшү аны балка менен башка чаап, качып кеткен. Жабыркаган жаран эсине келе албай ооруканадан каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asus77
2015-06-11 10:19:20
Арак ар кандай жаман иштин башталышы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан