Министр: “Өлкөдө жаш үй-бүлөлөрдүн үчтөн бир бөлүгү ажырашууда”

Өлкөдө жаш үй-бүлөлөрдүн үчтөн бир бөлүгү ажырашууда. Муну бүгүн, 11-июнда Бишкекте өтүп жаткан “Балдардын эмгегин эксплуатациялоо жана билим алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, үйлөнгөндөрүнө 5 жыл боло элек жубайлардын 35 пайызга жакыны ажырашып кетишет.

2009-жылы ажырашкандардын жалпы саны 7400дү түзсө, ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч 9 миңди чапчыган. Бул өз учурунда балдардын атасы же энеси жок өсүп калышына алып келүүдө. Үй-бүлөдө толук кандуу киреше кирбеген соң, жакыр турмуштун айынан жаш балдар иштегенге мажбур.

Учурда өлкөдө 1 миллион 375 миң үй-бүлө болсо, алардын 103 миңи Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жөлөк пул алышат”,- деди министр.

Министр өлкөдө жалпы эсеп боюнча жубайлардын ар бир экинчиси ажырашып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан