“Ачык Ысык-Көл-2015” III Эл аралык фестивалынын уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Иван Гетелюктун "Каржы министрлиги иш-чараны уюштурганга бир тыйын да берген жок" деген билдирүүсүнөн кийин аталган министрликтин басма сөз кызматы жооп катары мекеменин пикирин жарыялады. Анда: "Ар кандай багыттагы иш-чараларды каржылоо жооптуу мамлекеттик органдардан келген арыздардан кийин жүргүзүлөт. Өкмөттүн 2015-жылдын 29-мартындагы жарлыгына ылайык, достукту чыңдоого багытталган "Ачык Ысык-Көл-2015" фестивалына жоопкерчилик алган министрликтер жана мекемелер Каржы министрлигине чыгашалардын сметасы менен кошо арыз бериши керек эле. Бирок азыркыга чейин тийиштүү документтер келе элек",- деп айтылат.