Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Орусиянын күнү мамлекеттик майрамына карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 12-июнда билдирди.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Дмитрий Анатольевич!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан сизди мамлекеттик майрам - Орусиянын күнү менен куттуктайм!
Бул майрам Орусия калкынын биримдигин, экономикалык өнүгүүсү жана эл аралык аренадагы Орусиянын учурдагы абдан маанилүү ролун көргөзүп турат.
Ишеним жана сый мамилеге негизделген Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы көп тармактуу стратегиялык кызматташтык келечекте эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн дагы тереңдээрине ишенем. Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдигине толук кандуу кириши биздин мындан аркы эки тараптуу да, Евразия интеграциясынын алкагында да кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул үчүн бардык аракетин жумшоого даяр.
Сизге ийгилик жана бакубат жашоо, ал эми бир тууган Орусиянын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм".