Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкинди Орусиянын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 12-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков өз куттуктоосунда бул жалпы улуттук майрам Орусиянын жетишкендигинин, анын улуулугу менен биримдигинин күбөсү экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы Орусия менен болгон өзгөчө ишенимге жана негизделген салттуу өнөктөштүк мамилени жогору баалай турганын айтат. Төрага жогорку деңгээлдеги парламент аралык алакаларды канааттануу менен белгилеп, өзүнүн орусиялык кесиптештерине чың ден соолук, бакубат турмуш, ал эми Орусия калкына өсүп-өнүгүү каалады.