Бүгүн, 12-июнда борбор калаада ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, ысык суу биринчи кезекте социалдык мекемелерге бериле баштайт. "Жакынкы үч-төрт күн ичинде бишкектиктер ысык сууну колдонуп башташат. Үй комитеттеринин өкүлдөрү ысык суу бере турган вентилди (бурап ачкыч) ачууну унутпашы керек",- деп билдирди мэрия.
Айта кетсек, Бишкекте 12-майдан 11-июнга чейин ысык берүү токтотулган.