Кыргызстандын Премьер Лигасында биринчи орунда келе жаткан "Мурас Юнайтед" клубу жайкы трансфердик терезеде катталган жаңы оюнчулардын ысымдарын жарыялады. Алардын арасында Кыргызстандын жаштар курама командасынын капитаны жана коргоочу Эмир-Хан Кыдыршаев да бар.
20 жаштагы коргоочу быйыл январда Словакиянын "Тренчин" клубуна өткөнү менен расмий оюндарга чыга элек болчу. Эми ал мекенине кайтып келип, "Мурас Юнайтед" клубунун катарына кошулду.
Командага ошондой эле "Дордойдон" Ислам Юнусов, Темирлан Самат уулу жана "Кыргызалтындан" Нурбол Бактыбеков кошулду.
Эске салсак, "Мурас Юнайтед" учурда Кыргызстандын чемпиондугунда биринчи орунда турат. Команда Кыргызстандын Кубогунун жарым финалына чыгып, ийгиликтүү сезон өткөрүүдө.
12-августта клуб Азиянын Челленж лигасында (AFC Challenge League) дебют жасайт. Алгачкы квалификациялык беттеш Бангладештин "Абахани Лимитед" клубу менен болмокчу.