Өлкө башчы Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына жаңы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү

12-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына жаңы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчы аңгемелешүүнү Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына талапкер К.Кыргызбаев, Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкер А.Б.Алымкулов, Чүй облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкер А.К.Ахметова, Ош облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкерлер А.А.Абдугапаров жана С.К.Аманов менен өткөрдү.

Мамлекет башчы аталган талапкерлер тууралуу материалдар менен терең таанышып, аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен жакын арада бул талапкерлер боюнча биротоло чечим кабыл ала турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан