Түп районунда жарандык коргонуу абалын комплекстик текшерүү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-12-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Түп районунда жарандык коргонуу абалын комплекстик текшерүү өткөрүлдү. Текшерүүнүн максаты ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Жарандык коргоо кызматынын даярдык даражасын аныктоо болгон.
Бул иш-чарага Жарандык коргонуу комиссиялары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрү, Жарандык коргонуу кызматтары жана ден соолукту чыңдоо мекемелери катышты.