Энергетикалык тармакты өнүктүрүүгө багытталган макулдашуу ратификацияланды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Энергетикалык тармакты өнүктүрүү саясатын колдоо операциясы" программасы боюнча каржылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-майында кабыл алынган. 
Ага ылайык, Каржы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан ушул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан