2015-жылдагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн түзүлгөн жумуш орундарынын республикалык квотасында 624 орун бар. Бул тууралуу 16-июнда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 87, Ош шаары - 84, Ош облусу - 70, Баткен облусу - 76, Чүй - 48, Талас - 128, Нарын - 15, Жалал-Абад облусунда 116 жумуш оруну бар. Ушул жылдын биринчи кварталында 21 адам жумуш менен камсыз болду. Дагы 17 адамга кесиптик билим алуу боюнча багыт берилген. Мындан сырткары жумуш менен камсыз кылуу кызматына майыптыгы бар 196 адам кайрылган, алардын 95и аялдар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 353 адам каттоодо турат.