Темир Сариев: “Биздин футболчулар татыктуу оюн көрсөтүштү”

Бүгүн, 16-июнда өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн кыргыз өлкөсү менен Австралиянын футбол боюнча курама командасынын оюнун көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылышты.

Өкмөт башчы оюндан соң футболчуларга ыраазычылык билдирип, бул оюндун өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

“Сиздер татыктуу оюн көрсөттүңүздөр. Австралиянын курама командасы Азиянын чемпиону экени баарыбызга маалым. Эң негизгиси, биздин командабыздын жеңишке болгон каалоосу күч, максаты бийик”,- деди Сариев.

Айта кетсек, кыргыз футболчулары Австралия командасына 2:1 эсебинде утулушту. 


Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kama_future_millioner
2015-06-16 23:26:12
Мынданда жакшы көмөк көрсөтүп көбүрөк акча бөлсөңөр мындан да жакшы оюн көрсөтөт. Силер жүрөсүңөр бир бириңер мн кресло талашып.
+8
kulpun88_kg
2015-06-16 23:27:26
Ошондо эмне болду жендиби??? кененирек маалымат берип койунуздарчы сураныч
-3
nurizka..
2015-06-16 23:47:08
kulpun88_kg, кыргызстан 2:1утулду
+1
bakaiBBBB
2015-06-17 00:15:23
Менин оюмча политика менен спортту аралаштырбай эле спортко шарт тузуп же болбосо спорт мектептерди ачып беришсе жакшы иш болмок, а так бир жолу келип футбол коруп койсо спортту колдогон политик деп айтканга жатпайт себеби жакында эмне? жакында шайлооооо
0
Taku.14.02
2015-06-17 01:10:09
Созду бурмалап шайлоого кошпой эле койсонор балким ойунчуларыбызга демине дем кучуно куч берип колдогону келишкендир. жигиттер азаматсынар тажиктерди уткулачы билишимче утулуп эле келатабыз
+5
bakaiBBBB
2015-06-17 09:51:40
Taku.14.02, sen da ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-06-17 11:38:51
bakaiBBBB - эскертүү!
Жеке айтышууларга, порталдын башка колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан