Чүйдүн 3 районунда кедейликти жоюуга багытталган мыйзам долбооруна 3-окууда добуш берилет

Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында “Жидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоого катышуу боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Аталган долбоордун негизги максаты - Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорунда жакырчылыкты кыскартуу. Тандалып алынган айылдардын жакыр тургундарына өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

9 миллион доллар өлчөмүндө каражат берилмекчи. 

Аталган мыйзам долбоору бардык фракциялардын чечими менен 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан