Кыргыз мамлекети менен Австралиянын ортосундагы оюнга күйөрмандардын көбү билети жок, Панфилов сейил багы тараптан кирген. Калың топ стадиондун ошол тарабынан кирип жатканы видеого тартылып, колубузга тийди.
Бул уюлдук телефондун камерасына тартылган видеодон адамдарды карап, тааныганга болбойт. Ошентсе да алардын кандай максатта кайда баратканын айттырбай түшүнүү мүмкүн. Бул видео “18 миң билет чыгарылып, стадион толду. Бирок сыртта билети бар күйөрмандар да калып калды” дегендерге жооп болот деген үмүттө сайтыбызга жайгаштырдык.