Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт" фракциясынан жаңы келген депутат Алмасбек Абытов ант берди. Андан соң төрага Асылбек Жээнбеков ага чың ден соолук, узун өмүр каалап, А.Абытов өлкөдө парламентаризм курууда чоң салым кошконун белгиледи.
Айта кетсек, кечээ, 17-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат Курмантай Абдиевдин ордуна Алмасбек Абытовдун келерин бекиткен. Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына К.Абдиевди жактырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан