Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү 18-июнда билдирди.
Маалым болгондой, 20-июндан 22-июнга чейин “Торугарт-унаа жол” жана “Эркеч-Там-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайлары жабылат. Буга Кытай Эл Республикасында Күрүч майрамынын белгилениши себеп. Өткөрүү жайлары 23-июндан тарта иштеп баштайт.