Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчёту берилди. Талкууда депутаттар өз сунуш-пикирлерин айтышууда.
Депутат Улукбек Кочкоров аталган палата жана башка мекемелер айыл өкмөттөрүн улам-улам текшерип жатканын маалымдады. Бул маселени чечиш үчүн Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова өз сунушун билдирди. "Бизге да айыл өкмөттөрү бул көйгөй менен көп кайрылышат. Эсептөө палатасынын мыйзам чыгаруучу ыйгарым укугу жок. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелерди текшерүү милдетин Эсептөө палатасына гана тапшыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөнү сиздерге сунуштаар элем",- деп кайрылды депутаттарга Ибраимова.
Депутат У.Кочкоров тиешелүү мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп чыгууга даяр экенин баса белгиледи.