Президент Сузактагы жер көчкүдөн улам турак жайсыз калгандарды суук түшкөнгө чейин үй менен камсыздоо керектигин айтты

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 18-июнда билдиришти.

Жолугушууда министр Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында болгон жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттер жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында болгон жер көчкүдөн улам турак жайсыз калган жарандардын көйгөйү да талкууга алынды. Алмазбек Атамбаев жашоочулар суук түшкөнгө чейин жаңы турак жай менен камсыз болушу керектигин белгиледи. 

Мындан сырткары Кубатбек Бороновго президент өзгөчө кырдаал учурунда кыйроого кабылган жерлерди калыбына келтирүү, адамдардын коопсуздугун жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан