Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусунда 18-июнда Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда укук коргоочулардын орду тууралуу баяндама жасай турган БУУнун атайын өкүлү Мишель Форсттун жакынкы күндөрдөгү Кыргыз Республикасындагы иш сапары талкууланды. Ошондой эле адам укуктары боюнча иш алып барган мекемелер аралык эксперттик топту түзүү маселеси каралды
"Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлүнүн иш сапары жогорку деңгээлде өтүшү керек. Биз өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканын көрсөтүшүбүз зарыл",- деди вице-премьер-министр.
Ал эми мекемелер аралык эксперттик топту түзүү боюнча: "Алар адам укуктарын коргоо тармагында мамлекеттик мекемелердин биргелешип иштешүүсүнө шарт түзүшөт",- деди.