Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, мектепке барып окууга чамасы жок болгондуктан, үй шартында окутулган балдар үчүн жайкы лагерь уюштурулду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, лагерге 30 бала тартылып, балдардын бир жыл бою окуган англис тилин жыйынтыктоочу кечеси катары өтүүдө. Лагерде окуучулар бири-бири менен англис тилинде сүйлөшүп, чакан концерттик программаларды да англис тилинде көрсөтүп беришти.