Парламент кылмыштуу жол менен табылган кирешени ачыкка алып чыгуу боюнча жаза күчөтүүнү колдоду

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеш кылмыштуу кирешени адалдоого, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракетти жандандырууга багытталган мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.

Айта кетсек, бул долбоор өлкөдөгү коррупциялык аракеттерге каршы күрөштү күчөтүүгө, кылмыш жолу менен табылган каражаттарга бөгөт коюуга багытталган. "Ушул сыяктуу укук бузуу көрүнүштөрүнө карата жазаны күчөтүү, кылмыш иштерине катышы бар айрым юридикалык жактарды мажбурлап жабуу сунуш кылынууда. Бул багыттагы кылмыш иштерин козгоо сот аркылуу чечилет. Мындай жол-жоболор эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат",- дешет демилгечилер.

Эми бул мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жиберилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан