Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутаттык топтордун ишин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Айта кетсек, бул долбоор Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун ишин Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын тиешелүү чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ал чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракция алкагынан тышкары боло албасы белгиленген.
Эми бул мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында айрым депутаттар фракциялардын курамдарынан чыгып, депутаттык топторду түзүшкөн.