Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын
тургуну
Байыш Досов 5 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 30 жаштагы
Эркинбек аттуу уулун издөөдө. Карыя 18-июнда
SUPER.KG порталына кайрылып, уулу 2010-жылы Чүй каналын кечип, Казакстанга өтүп кеткен бойдон кайрылып келбегенин айтты.
"2010-жылы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарында соодагерлердин товарларын ташып берип иштеп жүргөн. Ошол эле жылы аны менен бирге иштегендер уулум Чүй каналын кечип, Казакстан тарапка өтүп кеткенин билдиришкен. Ошондон бери дайынсыз.
Кечээ, 17-июнда Чүй каналын кечип Казакстанга өтүп кеткен кыргыз өлкөсүнүн 9 жараны кулчулукта жүрүп, бошотулганын жаздыңыздар. Мүмкүн, менин уулум да кулчулукка кабылып, келе албай жаткандыр деген ойдо сиздерге байланышып жатам. Эгерде менин издеп жүргөнүмдү укса, кайрылып келүүсүн өтүнөм жана уулумду издешүүгө Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилигинен жардам берүүнү суранам",- деди Байыш Досов.
Ал эми биз Тышкы иштер министрлигине кулчулуктан бошотулган 9 жарандын ичинде Байыш уулу Эркинбек бар же жок экенин сурап кайрылганыбызда, алардын аты-жөнү учурда такталып жатканын айтышты.