Өкмөт 1-сентябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүү боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 18-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өкмөт мүчөлөрүнүн жумушчу жыйыны өттү.

Жыйын жүрүшүндө 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча комиссиянын курамын аныктоо, 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу боюнча, республикалык бюджетте каралган “Кыргыз темир жолу” улуттук ишканасынын таза кирешесинин өлчөмүн төмөндөтүү жана "Кумтөр" кени боюнча “Центерра Голд” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн түзүлгөн консультативдик кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.

Жыйында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча комиссиянын курамына Темир Сариев жарандык коомдун өкүлдөрүнөн киргизүү тапшырмасын берди.

“Бул абдан орчундуу, тарыхый, саясий маселе. Бул маселени белгилөө боюнча комиссия түзүүнү президент көтөрдү. Ошондуктан биз комиссиянын курамын аныктоодо жарандык коом өкүлдөрүнөн турган коомдук комиссиянын мүчөлөрүн да эске алуубуз зарыл”,- деди ал.

Ал эми Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу боюнча Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Анын айтымында, 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта 40 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар эркектер, 35 жылдан ашык эмгек стажы бар аялдар жана 1-топтогу майып пенсионерлердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн 500 сомго жогорулатуу каралган. Бул үчүн пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелет. Абылгазиев бул каражат каралганын кошумчалады. Жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү бул токтом долбоорун колдоду.

Ошондой эле жыйында өкмөт курамында өзгөртүүлөрдүн болгонуна байланыштуу "Кумтөр" кени боюнча “Центерра Голд” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн түзүлгөн консультативдик кеңештин курамына премьер-министр Темир Сариев, каржы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Алмазбек Кадыркулов, өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетов киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан