Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышат, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.