Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбек Алымкулов 17-июндан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айдарбек Алымкулов Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна 17-июндан баштап судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.