Бүгүн, 19-июнда Бишкектеги
эски аянтта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар нааразычылык акциясына чыгышып, 50гө жакын адам чогулду. Чогулгандардын айтымында, күч органдары тарабынан "Нур күч" коомдук уюмунун төрагасы
Нурлан Усеновду эптеп каматуунун аракети жүрүп жатат.
"Бизге милиция кызматкерлери келип, "Усеновго каршы арыз жазгыла" дешти. Себебин сурасак, анын бизден акча чогултуп келгенин айтышты. Ооба, биз акча берип келгенбиз, бирок ал акча уюмдун мүчөлүгүнө төлөнөт. Биз ал каражаттын чогултулганына эч кандай каршылыгыбыз жок. Бизди милиция кызматкерлери мажбурлап жатышат. Бул жерде чоңдордун кызыкчылыгы турат",- дешти акциянын катышуучулары.