Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасы - Кытай" газ түтүктөрүн пайдалануудан түшкөн салыктардын бир бөлүгүн Ош, Алай жана Чоң-Алайды өнүктүрүүгө багыттоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Демилгечи депутат Марат Султановдун айтымында, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасы - Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору менен мыйзамды толуктоо сунуш кылынат. Ага ылайык, макулдашууда каралган атайын салык жыл сайын төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлө тургандыгын белгилөө сунуш кылынат:
- 80 пайызы – республикалык бюджетке;
- 10 пайызы – Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү фондуна;
- 10 пайызы – Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүнүн атайын түзүлүүчү фонддоруна.
Талкууда депутат Чыныбай Турсунбеков мындай салык бөлүштүрүү механизмин бир гана Ош облусунда эмес, жалпы өлкө боюнча колдонууга болоруна кызыкты. Буга М.Султанов макул деп жооп берди.