Талант Узакбаев: "Орусиянын ветеринария кызматынын өкүлдөрү кыргыз жерине келип, биздин ветеринарияга канааттанбай кетишти"

Депутат Талант Узакбаев Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында ветеринария тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, мамлекетибиз ЕАЭБге кошулуу алдында турганда ветеринария жагынан маселе жаралбашы керек. 
"Мына жакында Орусиядан адистер келип, биздин ветеринардык кызматты текшерип кетишти. Алар "эч кандай шарт жок" деп айтышты. ЕАЭБге кирүүдө айыл чарба, мал чарбасы жагынан маселе жаралбашы керек эле. Бул мал чарбасы - биздин негизги приоритетибиз. Ал эми жазында республика боюнча малдар жугуштуу ооруларга каршы дарыланбай туруп, жайлоого айдалып кеткен. Эртең оорулар пайда болуп, күчөп, мал кырылып калса кантебиз? Ошондуктан бул тармакка өкмөт өзгөчө маани берүүсү керек",- деди депутат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан