Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын 2014-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалыматы угулду.
Анын айтымында, 2014-жылдагы акчалай база 73,1 миллиарддан 64,5 миллиард сомго чейин азайган. Экономикага акчаларды сунуштоо негизинен мамлекеттик каржы сектору тарабынан жүзөгө ашырылып, ал акча базасынын 10,1 миллиард сомго көбөйүшүнө салым кошту. Улуттук банктын валюта рыногундагы операцияларынын жана ачык рыноктогу операциялардын эсебинен акчалай 18,8 миллиард сомго кыскарган.
2014-жылда алмаштыруу курсунун карама-каршы кыймылы байкалган. Жалпысынан 2014-жылы доллардын курсу 19,6 пайыздан 49,2470 пайызга чейин, 1 доллар үчүн 58,8865 сомго чейин курсу жогорулаган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин серпилүүсүн басаңдатуу максатында валюталык интервенцияларды жүргүзгөн.
Жыйынтыгында Улуттук банктын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчёт "канааттандырарлык" деп табылды.