Сыртка ташылып кетип жаткан баалуу кен байлыктарга экспорттук бажы алымын киргизүү демилгеси 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга ташылып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү көлөмү жылдан-жылга көбөйүп барат, ошондон улам аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарылчылыгы бар. “2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын кендеринин көлөмү 4 миң тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштадык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке жылына 400 миллион сомго чейин кошумча каражат түшө баштайт”,- дешти демилгечилер.

Эгер мыйзам кабыл аланып калса, 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан