Сариев аталган беттеште кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын оюнчулары татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилеп, футболчуларга, машыктыруучуларга жана Футбол федерациясына ыраазычылык билдирди.
“Футболчуларыбыз жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүштү. Эң негизгиси, биздин команданын жеңишке болгон умтулуусу күч болуп, аягына чейин аракет кылышты”,- деди Темир Сариев.
Ошол эле кезде беттешти уюштурууда бир
катар мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, аталган кемчиликтерди жоюу үчүн
Футбол федерациясы, Дене тарбия жана спорт агенттиги
аракет көрүшү керектигин билдирди. “Бул жерде абдан чоң маселе бар.
Бишкектеги стадиондун абалы, анын коопсуздук шарттары талапка жооп
бербейт. Ошондой эле уюштурууда да бир катар кемчиликтерге жол
берилген”,- деп айтты Сариев.
Премьер-министр оюнду уюштуруудагы кемчиликтерди териштирүү тапшырмасы Ички иштер министрлиги, Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол федерациясына берилгенин маалымдап, анын жыйынтыгы менен мындай кырдаалга жол бергендердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты. Ошондой эле Темир Сариев Ички иштер министрлигине оюн учурунда коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине кол көтөргөндөр тууралуу фото, видеотасмаларды, оперативдүү маалыматтарды иликтеп чыгуу жана массалык маалымат каражаттары жазып чыккан “айрым милиция кызматкерлери өз тааныштарын стадионго билетсиз киргизишти” деген маалыматты териштирип, жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады.
Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов беттешти уюштурууда айрым кемчиликтер кетирилгенин моюнуна алып, билет алып, оюнга кире албай калган көрөрмандардан кечирим сурады. Анын айтымында, 30 жылдан бери кыргыз жеринде мындай деңгээлдеги оюн болгон эмес. Ошондуктан стадионго киши батпай калды. Муну менен катар Семетей Султанов билет алып, бирок оюнга кире албай калган 1000ден ашык күйөрманга компенсация төлөнүп берилгенин маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Темир Сариев Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол федерациясына спорттук иш-чараларды уюштурууда мындан аркы кемчиликтерди кетирбөө үчүн жана Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп-түзөө, коопсуздук шарттарын күчөтүү боюнча 5 күн ичинде план иштеп чыгууну тапшырды.