Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө карата сунушталып жатат. Документке ылайык, автоунааны камсыздандыруу үчүн ар бир айдоочу жылына орточо 2000 сомдон төлөйт. Оор жүк ташуучу унааларга 3000 сомго чейин болушу мүмкүн. Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандыруучу компания жабырлануучу катары эсептелген айдоочуга 200 миң сомго чейин төлөп берери каралган.
Жыйындын жүрүшүндө автоунаанын диагностикалык картасы милдеттүү түрдө болушу керектиги жокко чыккандыгы белгилүү болду. Мыйзам долбоору кабыл алынып, ишке кире турган болсо, 1 миллиарддын тегерегинде каражат топтолору маалымдалды. Депутат Таалайбек Ибраев азырынча сырттан кирип жаткан унааларды милдеттүү камсыздандырып, өлкөдөгү унааларды 3 жылдын ичинде милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүүнү сунуштады. Бул мыйзам менен калктын чөнтөгүндөгү каражатты жеке компанияларга топтоп берүүгө шарт түзүлөрүн айткан депутат Улукбек Кочкоров мыйзам долбоорунун бүгүнкү күндө зарылдыгы жок деген пикирин билдирди.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.