Өлкө аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучу унааларга бирдей атайын төлөм киргизилет

Жогорку Кеңеште кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк жана жүргүнчү ташуучу автомашиналарга жалпыга бирдей атайын төлөм киргизүү чаралары камтылган мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, жүк ташуучу автомашиналарга жалпыга бирдей атайын төлөм киргизүү үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарга, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми чет өлкөлүк жеңил автоунаалар ата мекендик жеңил автомашиналардай эле мындай атайын төлөмдөрдөн бошотулат.

Мыйзам кабыл алынып калса, 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш. Ал күчүнө кирген соӊ, экологиялык алымдар жоюлат. Чогулган каражат жолду калыбына келтирүүгө жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан